
Бишкектеги “Мадина” базарынын ордуна заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы базарда бардык ишкерлер үчүн жетиштүү орун бөлүнүп берилет.
“Базардын ээси (ишкер, ЖКнын экс-депутаты Турсунтай Салимов. — Ред.) бул жерде базар эмес, заманбап шаарча курууну көздөп жатканын айтты”, — деди президент.
Эске салсак, 30-августта эртең менен Бишкектеги ири базарлардын бири болгон “Мадинада” өрт чыгып, ал түндө гана өчүрүлгөн. ӨКМ өрт соода жайынын 1 500 чарчы метрге чукул аянтын жалмап кеткенин билдирген.
Базарды көчүрүү маселеси ага чейин көтөрүлгөн. Мэрия мурдараак “Мадина” базары 1-августтан тарта реконструкцияланарын, андан улам жабыла турганын кабарлаган. Бирок соодагерлер шаардык бийлик сунуштаган башка базарга барууга макул эместигин, жаңы жердеги ижара акысы кымбат экендигин айтышкан. Мындан улам мэр Айбек Жунушалиев базарга барып, сатуучулар менен жолуккан. Анын жыйынтыгы менен “Мадина” 1-августтан тарта жабылбай, соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмей болгон.
Кечээ, 20-октябрда, базарга президент Садыр Жапаров барып, соодагерлер менен жолуккан. Ал иш башкармалыгына соодагерлерди 10 күндүн ичинде көчүрүп, чыгымын толук көтөрүп берүүнү тапшырды. Президент соода орундарын мурда сатып алган ишкерлерге компенсация төлөнөрүн айтып келет.












