Көчмөндөр оюндарына даярдык. Бишкекте унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясы өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, 2026-жылдын 22-августунда саат 10:00дөн 19:00гө чейин «Бишкек Арена» стадионунда төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелип турат:

  • Аалы Токомбаев проспектиси боюнча — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
  • Д. Куюкова көчөсү боюнча — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;
  • Эр-Тайлак көчөсү боюнча — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
  • Махатма Ганди көчөсү боюнча — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору, иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.