Бишкекте үч күнгө айрым базарлар жана соода борборлору жабылат

Бишкек мэрисы 31-август менен 1-сентябрда негизги соода борборлору менен базарлардын ишин токтотууну чечти.

Бүгүн калаа башчысы Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрага орун басары Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында Координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Жыйын соңу менен калаа тургундары жана келе турган делегациялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча чаралар аныкталды:

31-август жана 1-сентябрда “Чынар”, “Айчүрөк” (ЦУМ), “Бишкек Парк”, “Азия Молл”, “Ала-Арча”, “VEFA Центр”, “Дом торговли”, “Гоин”, Beta Stores 1 жана “Беш-Сары Сити” соода комплекстери иштебейт;

“Ош” жана “Сары-Өзөн” базарлары 31-августта санитардык күнгө байланыштуу, ошондой эле 1-2-сентябрда иштебейт. “Орто-Сай” базары 31-август жана 1-сентябрда жабык болот;

29-август саат 15:00дөн тартып расмий делегация өтүүчү жолдордогу жер алдындагы өтмөктөр жабылат;

төрт райондун акимдерине расмий делегациялар өтө турган маршруттардагы кошумча соода түйүндөрүн аныктап, алардын ишин убактылуу токтотууну камсыз кылуу тапшырылды;

шаардын ар кайсы бөлүгүндө уюштурула турган 12 фан-зонада коопсуздукту камсыздап, шаардык кызматтардын ишин күчөтүү;

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтө турган жерге тургундар менен коноктордун ыңгайлуу жетүүсү үчүн 21 локацияда шаттл-бастарды уюштуруу;

эл аралык иш-чаралардын маалында коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратпоо.