
Улуттук банк бүгүндөн тарта “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.
Тыйын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Анын номиналы 100 сомду түзөт. Ал 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 грамм, диаметри 22 миллиметр. Жалпы нускасы – 1000 даана.
Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет.
Анын арткы бетиндеги “35” санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгашып, айланасына кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери түшүрүлгөн. Ошондой эле чыгарылган жылы – “2026”, алтындын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы көрсөтүлгөн.
Улуттук банк билдиргендей, коллекциялык монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир тыйын атайын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо кутуга жайгаштырылат.
Монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин 99 460 сомдон сатылат.







