
Ош шаарындагы Увам каналына агып кеткен эки жаштагы кыздын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздын сөөгүн суудан 3-август күнү саат 10:50 чамасында алып чыгышкан. Аны туугандары байкап, куткаруучулар наристенин сөөгүн атасына өткөрүп беришкен.
Эске салсак, 2-августта 112 кызматына Ош шаарынын Өзгүр айылынын Арал көчөсү аркылуу өткөн Увам каналына 2024-жылы туулган бөбөк түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 106 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер жана кыздын 30 жакыны, баш-аягы 176 адам чыккан.






