Бишкекте арыктан ток уруп комага түшүп калган жеткинчек каза болду

 Бишкекте көчөдөгү арыкта ойноп жатып токко урунган 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болду. Бул тууралуу анын апасы социалдык баракчасына жазды.

Кырсык 26-июлда саат 20:13төр чамасында Октябрь райондук сотунун имаратынын тушундагы арыктын жанында болгон.

Бала эс-учун жоготуп №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Ошондон бери ал комада жаткан блдчу. Милиция бул боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирген.