Бишкектеги Улуттук госпиталга жаңы жетекчи дайындалды

Улуттук госпиталдын жаңы башкы дарыгери болуп Талантбек Арстанкулов дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн ведомство башчысы Дамир Осмонов Улуттук госпиталдын эмгек жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Талантбек Арстанкулов 1972-жылдын 1-августунда туулган, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу магистри. Саламаттыкты сактоо системасында жана мамлекеттик башкарууда 30 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар жетекчи.

2024-жылдан бери КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт маселелерин карап; мамлекеттик программалардын ишке ашышын, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү координациялаган. Медициналык уюмдарды башкарган.

Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери өз каалоосу менен кызматтан кеткен.