
Өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Президенттин администрациясынан маалымдашкандай, жогорку мамлекеттик сыйлык стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу эмгеги үчүн ыйгарылды.
Ал эми Ильхам Алиев Садыр Жапаровго Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.
Ал Садыр Жапаровдун Кыргызстанды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын айтты. Бул эмгегин таануунун белгиси катары Азербайжан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев ордени менен сыйлады.








