
Бишкекте 9 жаштагы бала токко урунуп комага түшүп калды. Ал Шаардык балдар тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жакындарынын айтымына караганда, бала сыртта ойноп жүргөндө токко урунган. Ал эс-учун жоготуп, дем ала албай ооруканага жеткирилген. Учурда оор абалда жатат.
Бишкектин Октябрь РИИБи тестиердин токко урунганы тууралуу билдирүү 26-июлда саат 20:13тө түшкөнүн билдирди. Факты каттоого алынып, алдын ала тергөө иштери башталганы белгилүү болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “Бишкек жарык” муниципалдык ишканасынын ыкчам тобу дүкөндүн жанындагы темир тепкичке ток өткөнүн аныкташкан. Дүкөндү электр менен камсыз кылган автоматтык өчүргүч өчүрүлгөндөн кийин да чыңалуу сакталып турган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, имаратты электр менен камсыздоо системасындагы тышкы жарык берүү линиясындагы бузулуу кырсыкка себеп болушу мүмкүн.
Милиция кызматкерлери тарабынан учурда текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдарда белгиленген тартипте процесстик чечим кабыл алынат.






