Бишкекте бензин бир күндө 2 сомго кымбаттады

 Бишкекте күйүүчү май бир күндө эки сомго кымбаттады. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов муну дүйнөлүк дүң баалардын өсүшү менен түшүндүрдү.

Ага ылайык, бүгүн АИ-92 бензини 86,9 сом, АИ-95 99,9 сом болду. Дизелдин баасы 1,6 сомго өсүп, 99,9 сомго жетти.

“Күйүүчү майдын баасы аймактарга жеткирүү чыгымына жараша айырмаланат. Баткенде Бишкекке салыштырмалуу 3-3,5 сомго, Нарында 1 сомго, Таласта 1,5-2 сомго кымбат болушу мүмкүн. Бааны турукташтыруу механизми иштеп жатат. Бирок дүйнө жүзүндө дүң баалар өсүүдө. Мамлекет да бааны жогорулатууга аргасыз болуп жатат. Болбосо компаниялар чоң чыгымга учурап, банкрот болушу мүмкүн. Анда Кыргызстанга күйүүчү майды ким ташып келет?” — деди Эшатов.

Ошондой эле учурда компанияларда 25-30 күнгө жете турган күйүүчү май запасы бар экенин, бирок ал азайып жатканын кошумчалады.