
Министрлер кабинети дыйкандарга 81 сомдон 7 миллион литр дизель бөлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, бул мамлекеттик колдоо чарасы күзгү талаа жумуштарын өткөрүүгө жана дыйкандардын чыгымдарын азайтууга багытталган.
23-июлга карата анын 2 744 600 литри берилди:
Ош облусуна — 572 250 л
Ысык-Көлгө — 596 850 л
Нарынга — 746 600 л
Жалал-Абадга — 359 550 л
Чүйгө — 236 300 л
Баткенге — 189 350
Таласка — 43 700
Учурда жеңилдетилген баада бөлүнгөн жалпы 4 255 400 литр дизель майы калды.






