
21-22-июль күндөрү жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Мындан улам Ак-Суу районунун Каракол капчыгайына, “Каракол” мамлекеттик паркынын буйругунун негизинде унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди.
“Мындан улам жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырабыз. Жеринде Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Ал эми суунун жээгин бекемдөө иши суунун көлөмү азайганда башталат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу Кыргызгидромет 21-25-июль күндөрү нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлө тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.






