
Азербайжандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация таанышуу сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, сапар өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде уюштурулууда.
“Пресс-тур маалыматтык жана гуманитардык тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган. Программанын алкагында азербайжандык журналисттер Кыргызстандын алдыңкы ЖМКларынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалыматтык саясаттагы заманбап ыкмалар менен таанышып, медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланышты чыңдоо боюнча жолугушууларга катышат. Ошондой эле алар өлкөнүн кооз жаратылышы жана туристтик жайларын камтыган маданий-таанышуу программасына да катышмакчы”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн да уюштурулганы кошумчаланды.












