
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган окуучуларга “КР президентинин сыймыгы” сертификаттары тапшырылды. Алардын катарында “Алтын сертификаткатка” ээ болгон 56 окуучу жана ЖРТдан жогорку балл алган 20 окуучу бар.
Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан тапшырып, куттуктоо сөзүн окуду. Ал окуучуларды сертификаттарды алышы менен куттуктап, алар өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгиледи.
Анын айтымында, мамлекет бүгүнкү күндө күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруп жатат. Мында биринчи кезекте адам ресурсу, анын ичинде балдардын келечеги жана билим алуусу маанилүү.
“Кайсы жерден кандай гана билим алсаңар дагы улуттук өзөгүбүздү, ата-бабалардын нарк-насилин, эне тилин, тарых-таржымалын, маданиятын билип, мекенчил инсан болушуңар шарт.
Ар дайым жүрөгүңөр Кыргызстан деп согушу керек.
Бүгүн алып жаткан сертификаттарыңао жашооңордогу жарык шам чырак экенине шек жок. Араңарда жаңы Кыргызстандын жаратмандары, акылгөйлөрү, алдыга тартуучулары отурат.
Баскан кадамыңар шыдыр жана жолуңар ачык болсун! Ак жол, силерге!”-деген куттуктоону айтты минкаб башчысы.
Иш-чарада ошондой эле, бүтүрүүчүлөргө “Apple MacBook air 15.3” үлгүсүндөгү заманбап ноутбуктар белекке берилди.






