
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жол кырсыгы үч баланын өмүрүн алды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматта окуя 19-июлда болгону айтылат. Hyundai Palisade унаасынын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып каршы тилкеге чыгып, үч автоунаа менен кагышкан. Кырсыктан 16, 4 жаштагы эки бала менен бир ымыркай каза болуп, дагы бир нече адам жабыркаган.
Милиция үчөө тең бир үй-бүлөнүн балдары экенин тастыктады.






