
Кыргызстандын көп аймактарында электр кубатынын жапырт өчүшүнүн себебин айтышып, азыр кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Расмий маалыматка ылайык, 220 киловольт чыңалуудагы “Кара-Балта — Главная” жана “Главная — Шу” электр берүү линияларында авария болгон.
Учурда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүү боюнча иштеп жатканын кошумчалашты.






