
Кыргызстанда коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү кабыл алуучу “Коррупция тууралуу кабарлоо” жаңы санариптик сервиси ишке кирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Жаңы сервис 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан. Долбоорду Башкы прокуратура, “Укук” мамлекеттик мекемеси жана “Түндүк” ААКы биргелешип ишке ашырды. Ал “Түндүк” мобилдик тиркемесине интеграцияланган.
Жаңы кызмат тиркеменин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү жана акысыз көрсөтүлөт.
Коррупциялык факт боюнча билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:
“Түндүк” мобилдик тиркемесин ачуу;
“Коррупция тууралуу кабарлоо” кызматын тандоо;
“Кызматка өтүү” баскычын басып, электрондук кайрылуу формасын толтуруу;
Зарылчылыкка жараша далилдери бар материалдарды (сүрөт, видео ж.б.) тиркөө;
“Жөнөтүү” баскычын басуу.
Жарандын тандоосуна жараша кайрылуу Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине (ИИМ) түз жөнөтүлөт.
Кайрылууну даярдоодо коррупциялык окуянын убактысын, ордун, катышуучуларын жана башка маанилүү жагдайларын мүмкүн болушунча так, деталдуу жазуу сунушталат. Келип түшкөн билдирүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык каралат.






