
Бүгүн саат 12:16да Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, ал эми Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Кара-Шоро айылында 2,5 балл, Гайрат жана Кескен-Таш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар жок.






