Ат-Башыда ток менен балык кармап жатат делген чет өлкөлүктөр боюнча милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоого байланыштуу тараган видео боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында видеодо тартылган чет өлкөлүк жарандар аныкталды, ал эми автоунаанын капталындагы жазууларын сыйрып, номерин алып салышкандыгы такталган, автоунаа айып короого киргизилди. Учурда чет өлкөлүк жарандар Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.