Ошто кулпунай саткан дыйканды талоонго алгандар камалышты

Ош шаарындагы базарда кулпунай саткан дыйканды талоонго алгандарга иш козголду. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалымдалгандай, жаңжалга катышкан төрт кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) менен иш козголду. Алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөөсүнүн жашы жете элек балдары болгону үчүн үй камагына чыгарылган.

Окуянын бардык жагдайлары такталып, тергөө жүрүп жатканын айтышты.

Белгилей кетсек, кечээ соцтармакка кулпунайын базарга алып барып сатууга аракет кылган дыйканды соодагерлер жабыла сабап, товарын чачып салган видео тараган.

Окуя коомчулуктун нааразылыгын жаратып, милиция териштирүү иштерин баштаган. Көп өтпөй дыйканды Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кабыл алып, калаадагы жаңы базардан орун бөлүп берген.