
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бала чет өлкөдө төрөлгөн учурда “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип жол-жоболоштуруу керектигин түшүндүрдү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эгерде бала Кыргызстандан тышкары жерде төрөлүп, “Түндүк” тиркемеси аркылуу жөлөк пулга арыз берүүдө ката кетип жатса, демек, балага дагы деле жеке идентификациялык номер (ЖИН/ПИН) бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланган эмес.
Мындай учурда жакынкы Калкты тейлөө борборуна кайрылып, төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл:
баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы;
ата-энесинин биринин паспорту;
эгерде күбөлүк чет тилде берилген болсо, анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.
“Калкты тейлөө борборунда балага жеке идентификациялык номер берилип, ата-энесинин маалыматтарына байланат. Андан соң адистер маалыматты тутумга киргизишкенден кийин “Бала ырысы“ жөлөк пулун жол-жоболоштурууну уланта аласыз”, — деди министрлик.
Эгер баланын Кыргызстандын жараны деген паспорту жок болсо, КР жарандыгына таандык экени тууралуу маалым кат керек болот. Аны Калкты тейлөө борборунан алуу керек. Маалым катты берүү мөөнөтү 14 жумушчу күнгө чейин созулгандыктан, бул документке алдын ала кайрылуу сунушталат.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулду белгилөө тууралуу мыйзамга кол койгон. Бул төлөмдөр үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан ар бир балага берилет. Жөлөк пулдун өлчөмү 1 200 сомду түзөт.






