
Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кенешбеков Казакстандагы турнирде эки алтын медаль жеңип алды. Ал Шымкент шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Qosanov Memorial эл аралык турнирине катышкан.
Алгач биздин спортчу 1 миң 500 метр аралыкка чуркоодо мелдештин жаңы рекордун коюп, мыкты аталды.
Андан соң 5 миң метрлик аралыкта финишке биринчилерден болуп ишенимдүү келип, алтын медаль утту.
Бул аралыкта экинчи орунду дагы бир кыргызстандык — Жусуп Сулайман уулу ээледи.






