
Бишкек шаардык мэриясы калаада муниципалдык тилкелерде курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жерлерин менчиктештирүү жол-жоболорун жеңилдетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2001-2024-жылдардын аралыгында шаарда 49 жылдык мөөнөткө көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн 296 келишим түзүлгөн.
Тариздөөдөгү тоскоолдуктардан улам куруучулар көп жылдар бою аталган жер тилкелерин андан ары биротоло сатып алып, менчик укугун каттоо жол-жобосун аягына чыгарышкан эмес. Бул бул укук белгилөөчү документтерди каттоонун создуктурулушуна алып келип, пайдаланууга берилген үйлөрдүн тургундарына техникалык паспортторду каттоодо жана мүлктүк укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарды жаратып турган.
Мэрия тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгелеп, Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен муниципалдык жер тилкелерин сатып алуудагы жоболорду жеңилдетти. Анын алкагында жер акысынын төмөндөтүүчү коэффициент эрежеси киргизилди.
Быйыл жыл соңуна чейин жерди биротоло өткөрүп алгандар 50%, келерки жылдын аягына чейин алгандар 40% арзандатуу менен ала алат. Андан ары дагы бир жыл 20% арзандатуу берилет.
Жобо өзгөртүлгөндөн кийин Муниципалдык менчик башкармалыгына жер тилкелерин сатып алуу боюнча 32 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 5 жер тилкеси сатылып алынган.






