Өзгөндө тойдон кийин 40тан ашык адам ууланып, ооруканага кайрылды

Ош облусунун Өзгөн шаарында сүннөт тойдон кийин 40тан ашык адам тамак-ашка ууланып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 28-июнда Өзгөн шаарындагы ресторандардын биринде болгон. Массалык уулануу фактысы укук коргоо органдары тарабынан каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун акыркы маалыматы боюнча, уулангандардын ичинен 23 бейтап ооруканада дарылануусун улантууда.

Учурда окуянын чоо-жайын иликтөө жана ресторандагы тамак-аштын сапатын текшерүү иштери жүрүп жатат.