
Ош—Алай унаа жолунун 58-59-чакырымдарында сел жүрүшүнүн кесепетинен алты адам каза болду. Дагы эки адам ооруканага жеткирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык тууралуу билдирүү саат 14:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам штаб жөнөтүлгөн.
Сел агымы «Mazda» үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Окуя болгон жерден өтүп бара жаткан айдоочулар жана жергиликтүү тургундар каза болгон эки адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Дагы үч жабырлануучу Алай райондук ооруканасына жөнөтүлгөн, бирок алардын бири жолдо баратып каза болгон. Куткаруучулар селдин нугун үч чакырымга чейин текшерип чыгышып, дагы үч адамдын сөөгүн табышкан. Муну менен каза болгондордун жалпы саны алтыга жеткен.
Мындан тышкары, Чыйырчык жайлоосунда катуу жааган жамгырдан улам сел суулары малды агызып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат түшкөн. Текшерүүдөн кийин жергиликтүү бийлик органдары 31 кой өлгөнүн ырасташты.
Беш-Конуш жана Бек-Жай жайлоолорун текшерүүнүн жыйынтыгында башка жабыркагандар жана каза болгондор аныкталган жок.






