Бишкекте Howo машинеси 58 жаштагы аялды сүзүп, ал кырсык болгон жерде мүрт кетти

24-июнда Бишкектин Асаналиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа 58 жаштагы аялды сүзүп, ал кырсык болгон жерде мүрт кетти.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Howo машинесинин айдоочусу түндүк тарапка бараткан. Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган видеодо маркум жөө өтмөк жок жерден жолду кесип өткөнү, ошол учурда жүк ташуучу унаа ордунан жылып аялды тебелеп кеткенин көрүүгө болот.