
Бишкектеги автобустарда накталай төлөм толук жоюлбай, бирок билетти айдоочудан түз сатып алганда жол кире акысы 60 сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында айтылды.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай эсептешүүдөн толугу менен баш тартпоону караштырууда. Шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов накталай төлөмдү таптакыр жоюу мыйзамга каршы келерин айтып, бул демилгени вице-мэр Рамиз Алиев да колдоду.
Мэриянын планы:
автобустар менен аялдамаларда контролёрлор иштеп, накталай акчага билет саткан атайын аппараттар орнотулат;
телефону же картасы жоктор (эгер автобуста контролер жок болуп калса) билетти түз эле айдоочудан сатып алса болот. Бирок мындай учурда жол кире 60 сомду түзөт;
шаардагы ар бир 72 каттамга кеминде 5тен терминал коюу пландалууда. Борбордук аялдамаларда алардын саны көбүрөөк болот.






