
Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Маалыматты ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгы тастыктады.
Ага ылайык, учурда алты жаштагы бала изделүүдө.
Буга чейин Кегети капчыгайында автоунаа сууга түшүп кетип, анын ичиндеги эки бала дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын тормозу иштебей калып жардан кулап кеткен. Учупда экинчи бала изделип жатат.
Чүй РИИБи факт бюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдаган.






