Өзбекстандын эки айылы тургундары менен Кыргызстанга өттү

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун алкагында мурда Өзбекстандын аймагына караган эки айыл тургундары менен Кыргызстандын курамына өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, кеп мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караган Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары жөнүндө болуп жатат. Бул калктуу конуштарда этникалык кыргыздар жашайт, алардын саны болжол менен 2500гө чукул. Эми бул айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп, андан соң тургундарга Кыргызстандын жарандыгы берилет.

Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара аймагынан аянты ошончо жер тилкелерин өткөрүп берген. Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды.

“Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 чакырым жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу болгону 55 чакырым жол жүрөт”, — деп жазды Алагөзов.