Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, каттам ачылды

Күн мурун нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгында сел жүргөн.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жерине атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жол бүгүн, 22-июнда таңкы саат 05:00дө тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды.

Учурда жолду кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.