
Муниципалитеттен билдиришкендей, биринчи сыноо тилкеси — Токтогул көчөсү Манас проспектисинен тартып Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү болот. Бул участокто бөлгүчтөрдү орнотуунун натыйжалуулугу алардын жол кыймылынын коопсуздугуна жана бардык жол катышуучуларына тийгизген таасири бааланат.
Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин жашоочулардын жана веложол колдонуучулардын пикирлерин эске алуу менен жыйынтыктар талданат. Алынган маалыматтардын негизинде долбоорду мындан ары кеңейтүү жана шаардын башка аймактарына бөлгүчтөрдү орнотуу боюнча чечим кабыл алынат.
Экинчи этапта Токтогул көчөсү Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш жүргүзүү пландалууда.
Сыноо учурунда эң ыңгайлуу жана коопсуз чечимди табуу үчүн бөлгүчтөрдүн формасын, өлчөмүн же конструкциясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү да каралат.
Долбоордун негизги максаты — велосипедчилердин коопсуздугун жогорулатуу жана шаар ичинде жүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.






