
Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Адистердин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсү таңкы саат төрттөр чамасында Кытайдын аймагында болгон. Очогу Каракол шаарынан 143 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга чейин жеткен.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.
Эскерте кетсек, бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Токтогул шаарынан 36 чакырым чыгыш тарапта жана Торкент айылынан 19 чакырым түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан.






