Кыргызстан боюнча 1-класска 82 миң бош орун бар

Агартуу министрлигине караштуу 1mektep.edu.gov.kg. порталындагы маалыматка ылайык, 1-апрелден бүгүнкүгө чейин Бишкекте 22 миң бала 1-класска катталды.

Алардын ичинен 11,4 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарга, 10,4 миңи орус тилинде билим берүүчү класстарга кабыл алынды. Жалпысынан, 15-июнга карата Бишкек шаарында 1-класска 4,5 миң бош орун бар.

Быйылкы жаңы окуу жылына өлкө боюнча жалпы 192,3 миң орун каралган. Учурда 82 миң орун бош турат.

1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи баскыч баланын ата-энеси жашаган микроучасток боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи баскыч 1-июнда башталды, анда катталган жерине эмес, бош орун бар мектептерге кирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Агартуу министрлиги кабарлагандай, быйылкы окуу жылында 1-класска 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.

Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектептин анын билимин текшерүүгө укугу жок. Билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошол эле учурда mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлтүккө учурап каларына нааразылыгын билдирген ата-энелер да бар.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт.