ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июндан 17-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.