
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Максат Алымбеков бүгүн, 20-майдагы парламенттин жыйынында ант берди.
Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоого № 20 көп мандаттуу шайлоо округунан катышкан.
Борбордук шайлоо комиссиясы Темирлан Айтиев өз каалоосу менен мандатын тапшыргандан кийин, Алымбековду депутат кылып каттаган.
Максат Алымбеков Бишкек шаардык кеңешинин 28чи жана 29-чакырылыштарынын депутаты, ошондой эле «Ынтымак» фракциясынын лидери болгон.






