
Бүгүн, 20-майдан тарта Бишкек шаарындагы № 43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Жаңыланган схемага ылайык, № 43 каттамы төмөнкү көчөлөр аркылуу жүрөт:
- Мурас-Ордо көчөсү,
- Школьная көчөсү,
- Жаш Гвардия бульвары,
- Махатма Ганди көчөсү,
- Чүй проспектиси,
- Бейшеналиева көчөсү,
- Токтогул көчөсү жана Фучик көчөсү.
Шаар тургундары жана коноктору каттамдагы өзгөрүүлөрдү алдын ала эске алып, сапарларын пландап алуусу сунушталат.






