Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды жолдордо этият болууга жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпай турууга чакырат.