Бишкектеги Юнусалиев көчөсү түндүктү көздөй узартылат

Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсү быйыл түндүктү көздөй узартылат. Бул тууралуу вице-мэри Рамиз Алиев парламентте билдирди.

Анын айтымында, УКМК Горький көчөсүндө талаш болуп жаткан жер маселесин чечип берген. Алгач жол Кулатов көчөсүнө чейин узартылат, аны быйыл бүтүрүү пландалууда. Азыр Юнусалиев көчөсү Горькийге барып такалат.

Тармактык комитет Бишкек жана Ош шаарларында жол тыгындарын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат укту. Алиев депутаттарга жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иштерди айтып берди.

Ал Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди бөлүү иштерин улантарын, автобустарга артыкчылык берилиши керектигин белгиледи.

“Эки жумадан кийин муниципалитет тилкелерди чийип баштайт. Унаалар азайышы үчүн каникул мезгилин күтүп жатабыз”, — деди Алиев.