Президенттин мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үй камагына чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Зиядин Жамалдинов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим 1-майда эле кабыл алынганы белгиленет. Бишкектин Биринчи май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Эске салсак, Жамалдинов соттун чечими менен 10-июнга чейин камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» (263-берене) беренелеринин негизинде шектелүүдө.

Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин III, IV жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылдын июль айынан 2023-жылдын апрелине чейин Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.