Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери жүрөт.

Ошондой эле бүгүн, 30-апрелден тарта Гоголь көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаалардын кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөө жылуулук түйүнүн алмаштыруу боюнча пландуу жер казуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет, бул иштер жаңы асфальт төшөө башталганга чейин аткарылат.

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырып алууну суранат.