Баткенде өрүк бышып, алгачкы түшүм жыйнала баштады

Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу сорттору бышып, түшүм жыйноо башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, багбан Толубай Жалилов өткөн жылы 20 гектар жерди өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк бак тиккен.

Быйыл алгачкы түшүм мол болуп, жемиштер жыйналууда.

Ал Түркиядан «Фуего», «Приция» жана «Микадо» сортторун алып келип өстүргөн.

Учурда жыйналган түшүм Казакстан жана Орусияга экспорттолуп жатат.