
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер») жана 337-берене («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айыпталып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Камчыбек Ташиевге өлкөдөн чыкпоо тил каты түрүндө бөгөт чарасы тандалды.






