
29-апрелде КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен башталган «Жашыл Мурас» улуттук компаниясынын алкагында – Талас облусунда 100 миң гектар аянтка 88 миң көчөт отургузуу жараяны башталды. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлү Эрмат Джумаев билдирди.
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы урматтуу президентибиздин демилгеси менен 2022-жылы башталган. Жашыл Мурас улуттук өнөктүгү президентибиздин демилгеси менен 2022-жылы башталган. Анын алкагында жыл сайын миллиондогон көчөттөр отургузулуп келет.
Ал эми 2026-жылы 9 миллионго чейин бак-дарак отургузуу пландалууда. Аталган тапшырманын негизинде бүгүн Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнүн 100 гектар аянтына 88 миң көчөт отургузуу ишин баштадык. Бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аянттарды көбөйтүүгө жана келечек муунга таза экологиялык мурас калтырууга багытталган.
“Бүгүн бардык облустук мекемелердин кызматкерлери, ыктыярчылар, экологдор жана жөнөкөй активист жарандарыбыз Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнө келип, тянь-шань карагайларын отургузуп, келечек муундарга жашыл мурас калтырууга жана экологияны жакшыртууга салым кошуу максатында биргеликте көчөттөрдү отургуздук. “Жашыл Мурас” кампаниясына бүгүнкү күндө 500 адам ыктыярчы катары катышып, мекенибиздин бир бөлүгүн жашылдандырууга болгон күч-аракетин жумшады. Мындай демилгени колдогон ар бир мекендешибизге ыраазычылык билдиребиз”, — деп билдирди Эрмат Джумаев.














