Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

 Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына депутат Жылдыз Садырбаева шайланды.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 депутат Жылдыз Садырбаеванын талапкерлигин колдоду. Тийиштүү Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.