Беларуста кыргызстандык согуш ардагерлерин эскерүү сейил багы ачылды

Беларустун Витебск облусунун Бешенковичи районунда Кыргызстандын Беларустагы элчилиги, Беларустун Токой чарба министрлиги, Коргоо министрлиги жана Бешенковичи райондук аткаруу комитети менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусияда курман болгон кыргызстандыктардын элесине арналган иш-чара өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин сөөгү коюлган жердеги мемориалдык комплексте Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевдин, токой чарба министринин биринчи орун басары Александр Драгундун, Бешенковичи райондук аткаруу комитетинин төрайымы Галина Унуковичтин, Беларустун Улуттук Жыйынынын депутаттарынын, ЕАЭБ сотунун судьяларынын жана кызматкерлеринин, Бешенкович районунун активинин жана тургундарынын катышуусунда митинг-реквием болуп өттү.

Элчи Эрбол Султанбаев өз сөзүндө Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда 30 миңдей кыргызстандык өз өмүрүн кыйганын белгилеп, кыргыз жоокерлеринин элесин сактап калган беларус элине ыраазычылык билдирди.

Митингдин катышуучулары бейитке гүл коюп, мемориалдык комплекстин жанына Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусту бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арнап парк отургузушту, ошондой эле мемориалдык такта орнотулду.