
«Альянс Алтын» компаниясы Иорданияда өтө турган Азия чемпионатына катыша турган Кыргызстандын күрөшү боюнча улуттук курама командасына колдоо көрсөттү. Компания 15 спортчуну жана 3 башкы машыктыруучуга сапаттуу спорттук экипировка менен камсыз кылды.
«Альянс Алтын» 2023-жылдан бери спортко колдоо көрсөтүп келет. Алгач Талас облусундагы спортчуларга демөөрчүлүк кылып келген. Быйылдан тарта компанияын колдоосу өлкө боюнча кеңейип, улуттук деңгээлдеги спорттук иш-чараларга да багытталууда.
Спортто кыйынчылыктар арбын экендиги баарыбызга белгилүү, ошондуктан колдоо абдан маанилүү. Жаңы түптөлүп жаткан курама командага жакшы шарттарды түзүп, колдоо көрсөткөнү үчүн компанияга терең ыраазычылык билдиребиз,” – деди башкы машыктыруучу Уран Жусуп уулу
«Альянс Алтын» спорттук ийгиликтерге салым кошуу менен жаштарды колдоо жана дени сак жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт. Кыргызстандык балбандарга эл аралык мелдештерде чоң жетишкендиктерди каалайбыз!