
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Парламенттен билдиришкендей, аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.