Айгүл Жапарова иш сапары менен Белоруссияга келди

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова иш сапары менен Белоруссияга келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал «Славян базары» эл аралык искусство фестивалынын алкагындагы маданий иш-чараларга катышат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Минск шаарынын Улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды.