Бишкекте лифттерди тейлөөгө тариф көтөрүлөт. Тиешелүү токтомго борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Документке ылайык, шаардагы көп кабаттуу турак жайлардын лифттик жабдууларын техникалык тейлөө (анын ичинде эксплуатациялоону, учурдагы оңдоолорду, авариялык техникалык тейлөөнү, диспетчердик контролду) тарифи 1 чарчы метрге айына 8,31 сом деп бекитилди (балкондордун жана лоджиялардын аянтын кошпогондо).
Бишкек шаарынын административдик райондорунун жетекчилерине, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана “Бишкекгорлифт” муниципалдык ишканасы калктын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө субсидия берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Токтом 15-июлдан тарта күчүнө кирет.
Эске салсак, 2015-жылы Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен лифттерди тейлөө боюнча тарифтер төмөнкүдөй белгиленген:
- релейлик лифттер – батирдин 1 чарчы метрине айына 2,73 сом (балкондордун жана лоджиялардын аянтын кошпогондо);
- электрондук лифттер – батирдин 1 чарчы метри үчүн айына 3,12 сом (балкондордун жана лоджиялардын аянтын кошпогондо).