Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында 10-июнда саат 15:40та очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун аймагында, тагыраагы Сары-Таш айылынан түштүк-батышка карай 5 чакырым, Арча-Булак айылынан чыгышка карай 12 чакырым жана Ак-Босого айылынан түштүк-батышка карай 13 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчү Сары-Таш айылында — 3 балл, Ак-Босого жана Арча-Булак айылдарында — 3 баллга жакын сезилген.